Кытайдын Карамай шаарында «Мунай шаары — жолугушуу, туризм жана достук шаары» аттуу II Эл аралык маданий форум аяктады. Бул иш-чара Карамайдын өнөр жай потенциалын, туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жана маданий мурасын таанытууга багытталган.
Форумдун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн маалымат каражаттарынын өкүлдөрү туризм тармагында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен маалыматтык долбоорлорду түзүү маанилүү экенин белгилешти. Маалыматтык өз ара аракеттенүү элдердин ортосундагы достукту чыңдоочу курал катары каралууда.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар мунай компанияларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле киноиндустрия өкүлдөрүн кызыктырган популярдуу туристтик маршруттарды көрүү пландалууда.
Билим берүү жана жаштар менен иштөө багытына өзгөчө көңүл бурулду. Форумга Кыргызстандын студенттери да катышып, Кытайдын жогорку окуу жайларына кирүү жана ал жерде билим алуу тажрыйбасы менен бөлүшүштү.












