Россияда бензин жетишсиздиги келип чыгып, ал Борбор Азия өлкөлөрүнө терс таасир этип баштады. Bloomberg агенттиги бул тууралуу кабарлады.

Кыргызстан бул кырдаалда күйүүчү майдын туруктуу жеткиликтүүлүгүн сактоо максатында коңшу мамлекеттерге жардам сурап кайрылды.

Өзбекстанда бензиндин баасы кескин кымбаттап, ал эми Казакстан чек ара контролун күчөтүп, күйүүчү майдын мыйзамсыз экспортун токтотууга аракет кылууда. Казакстан ошондой эле вагондор аркылуу мунай продуктулардын экспортун убактылуу тыюу салды.

Бул кырдаал Борбор Азия экономикасынын кытайдын таасири күчөп жатканына карабастан, Росиянын мунай продукциясына канчалык көз карандылыгын дагы бир жолу көрсөттү.

Bloombergдин маалыматы боюнча, Россиядагы мунай кайра иштетүүчү заводдор Украинадан келтирилген дрон чабуулдарынын таасири менен токтотулгандан кийин күйүүчү майдын жетишсиздиги пайда болгон. Июнь айынын аягына карата Россиянын аймактарынын 90% бензин жеткирүү боюнча чектөөлөрдү же тоскоолдуктарды баштан кечирүүдө.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги күйүүчү май рыногун күн сайын көзөмөлдөп, Антимонополиялык жөнгө салуу кызматтары менен бирге сатуу, логистика, бааларды көзөмөлдөө жана күйүүчү май резервин башкаруу боюнча маселелерди талкуулоодо.

Мындан тышкары, Россия Федерациясы, Кыргызстандын негизги күйүүчү май жеткирүүчү катары, күйүүчү май экспортун убактылуу тыюу салды.