Бул демилге эки өлкө ортосундагы экономикалык, туристтик жана башка байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган. Жаңы тартипке ылайык, Беларусьга келген кыргызстандыктар жана Кыргызстанга келген беларустар 30 календардык күнгө чейин каттоодон өтпөй эле жүрө алышат.

Аталган макулдашуу 2025-жылдын 29-сентябрында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Беларусьга жасаган расмий иш сапары учурунда кол коюлган. Бул документти ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кенештин жыйынында үчүнчү окууда жактырылды.