Transfermarkt платформасы Кыргызстандын Жогорку лигасында ойноп жаткан футболчулардын рыноктук нарктарын жаңылап чыкты. Жаңы маалыматтарга ылайык, турнирге катышкан 16 клубтун жалпы баасы 40,3 миллион евро деп бааланууда.

Эң кымбат оюнчулар

Чемпионаттын эң кымбат оюнчусу «Алга Бишкек» командасынын ватман Эржан Токотаев болду, анын наркы 500 миң евроду түзөт. Тройкага лидерлердин катарына «Алга Бишкек» командасынын жарым коргоочусу Кими Мерк жана «Азия Талас» командасынын алдынгы оюнчусу Атай Жумашев кирди.

500 000Эржан Токотаев (евро)
400 000Кими Мерк (евро)
400 000Атай Жумашев (евро)

Клубдардын рейтинги

Клубдардын арасында эң жогорку көрсөткүчтү «Алга Бишкек» командасы көрсөтүп жатат. Алардын жалпы баасы 4,6 миллион еврону түзөт.