OpenAI компаниясы чакан бизнес өкүлдөрүнө жасалма интеллект технологияларын киргизүүгө жардам берүү максатында OpenWorks деп аталган жергиликтүү эксперттердин тармагын ачты. Бул долбоордун алкагында адистер чакан ишканаларга акысыз консультацияларды беришет.
23-ноябрдан тарта ишке кирген бул программа боюнча эксперттерге айына 8000 долларга чейин стипендия төлөнөт. Ал эми чакан бизнес өкүлдөрү бул кызмат үчүн эч кандай акы төлөбөйт. Мындан тышкары, алар ChatGPT Business платформасына үч айлык акысыз мүмкүнчүлүккө ээ болушат.
8000 доллар айына эксперттерге берилүүчү стипендия
OpenAI компаниясы эксперттердин эмгегин каржылайт



