Кыргызстандын Министрлер Кабинети Мамлекеттик чек ара кызматынын ар кандай мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартибин аныктаган жаңы нускаманы бекитти. Бул документ чек ара коопсуздугун жогорулатуу жана мамлекеттик ведомстволордун иштерин бир калыпта иштешүүсүн камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан.

Аталган токтомду Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду. Жаңы тартип боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы министрликтер, ведомстволор, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен тыгыз байланышта иш алып барат.

Документтин максаты — чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттик чек араны ишенимдүү коргоо жана мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо болуп саналат.

Ошондой эле, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилерине жана президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Мамлекеттик чек ара кызматы менен туруктуу негизде өз ара аракеттенүүнү уюштуруу тапшырылды.