Каракол шаарында жайгашкан муниципалдык пляж толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул жай эми шаар тургундары жана анын коноктору үчүн заманбап шарттарды сунуштайт.

Turmush басылмасы 26-июлда билдиргендей, жаңыланган пляж бир эле учурда 5 миңге чейин эс алуучуну кабыл алууга ылайыкташкан. Жаңы инфраструктура Каракол шаарынын туристтик потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.