Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы (U-17) Сербияда өтүп жаткан окуу-машыгуу жыйындарында алгачкы жолдоштук беттешин Черногориянын теңтуштарына каршы өткөрдү. Команда Азия Кубогунун тандап алуу беттештерине даярданууда.
25-июлда болгон оюндун биринчи таймынын аягында Алихан Арынов таамай сокку менен эсепти ачып, Кыргызстандын курама командасы 1:0 эсебинде алдыга чыкты.
Тилекке каршы, Черногориялык команда оюндун негизги убактысына кошулган мүнөттөрдө гол киргизип, эсепти теңеп, жеңилүүдөн кутулуп калды. Жыйынтыгында беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Игорь Кудренконун шакирттерин алдыда дагы эки беттеш күтүп турат: 28-июлда БАЭге каршы, ал эми 1-августта Сербия менен ойнойт.


