Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, 6-8-ноябрда Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү күтүлүүдө. Буга жааган кар жана учурдагы көчкү коркунучу себеп болууда.
Көчкү менен катар жолдордо кар басып калуу, кардын тапталышы жана тайгак болушу мүмкүн. Бул эскертүү өзгөчө Каракол — Эңилчек автожолунун 74-90-чакырым аралыгындагы Чоң-Ашуу ашуусуна тиешелүү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги да өз билдирүүсүндө айдоочуларды сактык чараларын көрүүгө чакырды. Ведомствонун маалыматы боюнча, жол кызматтары жана атайын техника күчөтүлгөн даярдык режимине өткөрүлдү.










