Кыргызстандын сот-укук тутуму оор жоготууну баштан өткөрдү. Мамлекеттик кызматта таанымал инсандарынын бири, Кыргыз Республикасынын ардактуу юристи жана мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиев 80 жашында көз жумду.
Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышындагы депутат болуп кызмат кылган. Конгантиевдин өмүр баяны жана ардактуу кызматтары өлкө тарыхында өзгөчө орунду ээлейт.











