2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 6,3 миллиард АКШ долларын түзүп, 1%га өскөн. Бул тууралуу экономикалык ведомствонун башчысы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Тышкы соодада, башка мамлекеттер менен товар жүгүртүү 3,8 миллиард долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2%га кыскарган.

Ал эми Евразия экономикалык биримдигиндеги мүчө мамлекеттер менен өз ара соода көлөмү 2,4 миллиард долларга чыгып, 6%га өскөн.

Ранее по темеКытайлык роботтор Чолпон-Атадагы ШОС өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалынын ачылышында бийледи