Борбордук Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) чемпиондугу Ташкент шаарында 25-июлда старт алды. Аялдар арасындагы таймаштарга жалпысынан 6 жуп катышууда.

Кыргызстандын курамында Огулай Кудайкулова менен Адина Маматжан кызы ат салышууда.

Алгачкы оюнда кыргызстандык спортчулар өзбекстандык жупка каршы чыгып, аларды 2:0 эсебинде жеңип алышты. Бул жеңиш курама командага чемпионатта ийгиликтүү улантууга жол ачты.

Эртең, 26-июлда, Кыргызстандын курамасы тажикстандык жуп менен беттешет.