Кытайдын Хайкоу шаарында өтүп жаткан 18 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты уланууда. Мелдешке 16 команда катышып, алар 4 топко бөлүндү.
Кыргызстандын U-18 волейбол боюнча жаштар курамасы C топто Пакыстан, Тайланд жана Казакстан командалары менен күрөшүп, топтук этапты 4-орунда аяктаган.
Топтук турдун жыйынтыгында Кыргызстан командалары 3 таймаштан 3 жолу утулуп, 1:9 жалпы упай көрсөткүчү менен топто акыркы орунга калды.
















