Кыргызстандын окуучулары орус тилин жогорку деңгээлде билишет жана өз маданиятын терең сезишет. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Совфединин илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин жетекчиси Лилия Гумерова Sputnik Кыргызстандын пресс-борборундагы брифингде айтты.
Россиялык делегация Бишкек шаарындагы №69 мектепке конокко келди. Ал жердеги кошумча билим берүү чөйрөлөрү жана тарбиялоо иштеринин уюштурулушу өзгөчө таасир калтырганын белгилеген.
Балдар орус тилин эң сонун билишет, ошондой эле Кыргызстандын маданиятын терең сезип, билишет.
Ошондой эле өлкөдө тогуз жаңы орус мектептерин куруу долбоору жүрүп жаткандыгы айтылды. Бул окуу жайлар эл арасында абдан сунушталган жана керек болгон мекемелер болору күтүлүүдө.












