Кыргызстан менен Россия илим, инженердик билим берүү жана орус тилин үйрөтүү тармактарында өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүдө. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Совёт Федерациясынын илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин төрагасы Лилия Гумерова Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунда айтты.

Эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтык активдүү өнүгүүдө. Азыркы учурда кыргызстандык университеттер менен россиялык окуу жайлары биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууда.

Мындай ыкмалар билим берүү стандарттарынын жана белгилүү бир дисциплиналарды окутуунун бирдиктүү линиясын түзүүгө жардам берет.
Лилия Гумерова

Бул иш-чаралар билим берүү стандарттарын жана окутуу методикаларын бир калыпташтырууга багытталган.