Казакстанда балдарды каттоо жана мектептеги коркутуулардын алдын алуу боюнча жаңы тартип киргизилет. Tengrinews маалыматына ылайык, өлкөдө 0дөн 18 жашка чейинки бардык балдардын маалыматтары камтылган бирдиктүү маалымат базасы түзүлөт.
Бул базага мектепке чейинки курактагы балдар, мектеп окуучулары, окутууга катышпаган балдар, ошондой эле себепсиз сабак калтырган окуучулардын маалыматтары киргизилет.
Сабак калтыруу фактылары боюнча маалыматтар ай сайын полиция менен макулдашылып, андан кийин улуттук билим берүү маалымат базасына жазылат.
Мектептеги коркутууга каршы чаралар
Ошондой эле мектептеги коркутуу учурларына болгон реакция тартиби өзгөрөт. Билим берүү органдары коркутуу (буллинг) жөнүндө маалыматты алган учурдан тартып бир жумушчу күндүн ичинде каттоога алууга милдеттүү.
Мындан тышкары, мектептер балдарга психологиялык колдоо көрсөтүүнү уюштуруу керек.






