24-ноябрда өткөн Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында эки маанилүү мыйзам долбоору каралды. Демилгечи депутат Бурул Аманова болгон.

Кибербуллингге каршы чаралар

Биринчи мыйзам долбоору коомдо, өзгөчө жашы жете электердин жана окуучулардын арасындагы системалуу кодулоо (буллинг) жана санариптик кодулоо (кибербуллинг) көрүнүштөрүн жоюу үчүн иштелип чыккан. Мыйзамдын максаты — укуктук коргоонун натыйжалуу механизмдерин түзүү жана аталган жону күйгүзүү үчүн административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчиликти так бөлүштүрүү.

Ошондой эле, бул өзгөртүүлөр балдарды тарбиялоодо ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатууну да көздөйт.

Экстрадициялоонун тартиби өзгөрөт

Экинчи мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан сунушталган. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаеванын белгилөөсүнчө, бул документ экстрадициялоо жол-жороолорун жакшыртууга жана улуттук мыйзамдарды эл аралык келишимдерге шайкеш келтирүүгө багытталган.

2 айэкстрадициялык камоонун мурунку мөөнөтү
6 айэкстрадициялык камоонун жаңы мөөнөтү

Мыйзам долбоору менен алгачкы экстрадициялык камоонун мөөнөтүн 2 айдан 6 айга чейин узартуу, адамдарды берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизмин киргизүү жана кармалган адамдардын жеке буюмдарын өткөрүп берүү тартибин жөнгө салуу каралууда.