Кыргызстанда өткөрүлгөн F1H2O жарыгы өлкөнүн эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүүгө толук даяр экенин көрсөттү. Бул иш-чара мамлекеттин эл аралык аренадагы аброюн жогорулатып, спортту өнүктүрүүгө зор салымын кошту.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков жарыктын маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын мындай масштабдагы эл аралык оюндарга ыңгайлуу шарт жана инфраструктурага ээ экенин билдирди.
Бул окуя өлкөбүздүн спорттуу эл катары таанылуусуна өбөлгө түзүп, келечекте башка ири дүйнөлүк мелдештерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн арттырууда.










