Ат-Башы районундагы Күмөндөра Тыналиева атындагы бала бакчада 1978-жылдан бери иштеп жаткан тарбиячы Майрамбүбү Тынаева балдарды тарбиялоо жана алардын өнүгүүсү боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал жарым кылымга жакын убакыт ичинде бир нече муунду тарбиялап, бүгүнкү күнгө чейин өз кесибине берилген адис болуп саналат.
Тарбиячынын байкап жүргөн маалыматтарына ылайык, мурунку муун менен азыркы муунду салыштыруу кыйын, бирок өнүгүү процессинде айырмачылыктар байкалууда. Эгерде мурда балдар өз курагына жараша өз убагында сүйлөй башташса, азыркы учурда сүйлөө жөндөмүнүн кечигүүсү байкалган балдар көп.
Заманбап балдардын сүйлөө жөндөмүнүн кечигишине телефон чоң таасир этүүдө деп ойлойм. Кээ бир балдар сүйлөй баштаганда эле кыргыз тили менен бирге орус жана англис тилдерин аралаштырып кетип жатышат. Телефондон балдарды ажыратуу кыйын болуп калды. Оюнчуктарга болгон кызыгуу азайды, атүгүл телефонду бербесе, каприз кылып баштаган балдар да бар.
Мындан тышкары, адис балдардын ден соолугунун абалына да көңүл бурду. Анын байкап жүргөн маалыматтары боюнча, кээ бир балдардын иммунитети алсыз болуп, тез-тез ооруп турушат. Ошондой эле райондо логопед сыяктуу адистердин жетишсиздиги маселе болуп жатат.






