БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу Карл Скау Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жетишкендиктери тууралуу ой бөлүштү. Ал «Азаттыкка» берген маегинде республиканын экономикасы жана Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча көрсөткүчтөрү жакшы экенин айтты.
Кыргызстандын өнүгүү жолу чындап эле таасирдүү. Дүйнө бул тажрыйбадан үйрөнө турган нерсе көп деп ойлойм.
Өзгөчө көңүлдү Карл Скау мектеп тамак-ашы программасына бурду. Анын айтымында, бул долбоор мамлекет менен эл аралык уюмдардын кызматташтыгынын ийгиликтүү үлгүсү болуп саналат.
БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы 60 жыл бою топтогон эл аралык тажрыйбаны колдонуп, Кыргызстан бийлиги менен бирге пилоттук долбоорлорду ишке киргизген. Кийинчерээк өкмөт программаны өз алдынча кеңейтүүгө киришкен.
Скау ошондой эле экономикалык өсүштүн аркасында алынган кошумча кирешелер социалдык программаларга да багытталып жатканын белгиледи. Бирок ал климаттын өзгөрүшү сыяктуу чечиле элек көйгөйлөр бар экенин да эскертти.
Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча прогресс
Карл Скау Кыргызстандын Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү прогресске да баа берди. Анын айтымында, өлкө экономикада да, социалдык чөйрөдө да жакшы натыйжаларды көрсөтүп жатат.
Өлкө абдан жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатат деп эсептейм: экономикалык өсүш таасирдүү, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө да оң прогресс байкалууда.
Өкүл ошондой эле климаттын өзгөрүшү сыяктуу кыйынчылыктар дагы деле бар экенин, бирок Кыргызстандын бул багыттагы аракеттери мактоого татырлык экенин кошумчалады.



















