Энергетика министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, жаңы долбоор ГЭС-5 аймагында ишке ашырылат. Бул иш-чара Азия өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында жүрүп жатат.
Учурда долбоорду даярдоо үчүн консультант тандоо процесси жүрүүдө. Азия өнүктүрүү банкынын CSRN порталына жарыяланган тендерге ар кайсы өлкөлөрдөн 22 компания билдирме берген. Алдын ала тандоодун жыйынтыгы боюнча алты катышуучу өз сунуштарын берүү үчүн чакырылды.
Таржрыйба жана натыйжалар
ГЭС-5 станциясында суу үстүндөгү күн электр станциясын иштетүү боюнча тажрыйба бар. 2024-жылдын 1-мартында кубаттуулугу 0,1 МВт болгон пилоттук фотоэлектриктик станция ишке кирген. Бул технология суунун буулануусун азайтууга, жер ресурстарын үнөмдөөгө жана гидроэлектростанциялардын колдонуудагы инфраструктурасын пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Пилоттук станциянын электр энергиясын иштеп чыгуу көрсөткүчү
- 2024-жыл — 133,9 кВт·ч
- 2025-жыл — 141,1 кВт·ч
- 2026-жыл (10 ай) — 132,5 кВт·ч













