Жогорку Кеңештин «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жыйынында Мавлюда Калбердиева Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен Бар-Булак—Сафаровка жолунун курулушу качан бүтөрү жөнүндө суроо берди.

25 километрдин 8 километр гана жасалды, 17 километри бүткөн жок. Президент келет дегенде, адамдар суроо бербесин деп бүт түнү таш чачыпты, ошол таштар эле калып калды. Кыязы, Президент кайра келгенче күтүп жатышат окшойт.
Мавлюда Калбердиева

Транспорт министрлигинин орун басары Бактылуу Момбековдин түшүндүрмөсүнчө, подрядчыга каражат толугу менен бөлүнүп берилген. Бирок инженердик курулуштардын, тактап айтканда, эки көпүрө жана үч галереянын болушу иштердин кечигишине себеп болгон. Жолдун курулушу кийинки жылы бүткөрүлүшү пландалууда.

Бар-Булак—Сафаровка жолунун абалы

25жалпы узундук (км)
8даяр болгон (км)
17бүтпөгөн бөлүгү (км)

Ошондой эле депутат Багыш айыл өкмөтүндө темир жол курулушу жүрүп жаткан учурда, ички жолдорду оңдоо үчүн каражат бөлүп берүүнү суранды. Анын айтымында, жергиликтүү элдин курулуш материалдары алынып, мал жайыла турган тоолор жана жолдор бузулуп жатат.

Манас аймагындагы иштер

Министрликтин өкүлү Манастагы башка долбоорлор боюнча да маалымат берди. Октябрь айылындагы эски темир жолдун ордуна курулуп жаткан 15 км жолдун 5 км бөлүгү даяр. Ал эми Манастын айланч жолундагы 9 км жолдун 4 км бөлүгү асфальтталган. Бул объекттердин калган бөлүктөрү кийинки жылы бүткөрүлөт.