Кыргызстанда жарык баасы жыл сайын көтөрүлүп жатат. Бул көрүнүштү Энергетика министри өлкөдө энергетика тармагын модернизациялоо жана эскирген жабдууларды жаңылоого байланыштуу деп түшүндүрдү.

Министрдин айтымында, эки-үч жыл мурун жабдуулардын 80% эскирип калган болчу. Азырынча бул көрсөткүч 65–70% га түшүрүлгөн.

Бардык каражаттар тарифтердин көтөрүлүшүнөн келген акчага энергетика системасын реконструкциялоого, курууга жана модернизациялоого бөлүнүп жатат. Эгер жабдуулар жаңыланбаса, алардын дагы да көп эскиришине алып келет, ал эми кийинчерээк калыбына келтирүү кыйындап кетет.

Министр белгилегендей, азыркы тариф саясатына ылайык, жарык баалары 2030-жылга чейин жыл сайын болжол менен 15% жогорулай берет.