Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков электр энергиясынын тарифтерин көтөрүү жабдууларды жаңылоого мүмкүндүк берип жатканын билдирди. Бул тууралуу ал «ачык кабинет» форматындагы журналисттер менен жолугушууда айтты.
Министрдин айтымында, тариф маселеси өтө татаал жана маанилүү. Электр энергиясын өндүрүү жана потребителге жеткирүү үчүн каржылык каражаттар талап кылынат.
2025-жылга чейин түзүлгөн орто мөөнөттүү тарифтик саясат 2030-жылга чейин иштеп турат. Кыргызстанда суунун багытында ресурстар көп болгонуна карабай, көп чыгымдар бар.
Бир нече жыл мурда жабдуулардын 80 пайызы эскирген болчу, учурда ал көрсөткүч 65-70 пайызга жакындады. Табылган каражаттар негизинен реконструкция жана капиталдык курулушка жумшалып жатат.
Министр белгилегендей, эгерде реформаларды улантпаса, энергетикалык система токтоп калчу жана эски жабдуулар чоң көйгөйгө айланмак.
Көпчүлүк калк тарифтердин көтөрүлүшүнө түшүнүү менен карап жатышат. Орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын негизинде 2025-2030-жылдары тарифтер жыл сайын орточо 15 пайызга көтөрүлөт.










