Кыргызстандын эки футбол академиясы Азия футбол конфедерациясынын (АФК) элиттик программасынын катышуучусу катары таанылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
АФКнын AFC Elite Youth Scheme программасы боюнча «Достук» улуттук футбол академиясына программадагы эң жогорку — «Үч жылдыз» статусу берилди. Ал эми Асылбек Момуновдун атындагы академия «Эки жылдыз» статусун алды.
Кыргыз футбол союзунун өзүнүн программадагы деңгээли бир жылдыздан эки жылдызга чейин жогорулагады. АФК тарабынан союздагы өнүктүрүү стратегиясы, жаштар аралык мелдештерди үзгүлтүксүз өткөрүү, таланттуу оюнчуларды издөө системасы жана футбол инфраструктурасына салынган инвестициялар жогору бааланды.
Бул программанын негизги максаты — келечектеги кесипкөй клубдар жана курама командалар үчүн жаш оюнчуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу. Баалоо учурунда тренерлердин квалификациясы, машыгуу шарттары, медициналык коштоо, билим берүү жана тарбиялануучулардын коопсуздугу сыяктуу факторлор каралган.
Академиялар бул статус менен эл аралык деңгээлде таанылып, спонсорлорду жана өнөктөштөрдү тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бирок талаптарга жооп берүүнү улантуу зарыл, анткени үч жылдан кийин кайрадан баалоо жүргүзүлөт.
Эскертүү үчүн, Кыргыз футбол союзу AFC Elite Youth Scheme программасына 2020-жылдын апрель айынан бери катышып келет. 2024-жылдын ноябрь айында АФК союздагы мүчөлүктү бир жылдыз деңгээлинде узартып берген.






