Укук коргоочу Перизат Суранова камак учурундагы чыгымдары үчүн 10 миллион сом компенсация алууга аракет кылууда. Ал №21 СИЗОдон өзүнө келген тамакты, буюмдарды жана дарыларды тизмектөө боюнча расмий суроо-талап жөнөткөн, бирок ага жооп берилген эмес.

Суранованын айтымында, ал 30-октябрда мекеме жетекчилигине камак учурунда алган бардык буюмдарынын, тамак-аштарынын жана дары-дармектеринин толук тизмесин берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул маалыматтар сот процессинде чыгымдарды далилдөө үчүн зарыл болгон.

Кандайча мындай болушу мүмкүн? Ар бир берилген буюм катталат. Атайын эсепке алуу журналдары жүргүзүлөт. Буюмду алганда аны алгандыгыңды тастыктаган бланкка өзүң кол коюш керек. Мындай атайын мекемеде бардык документтерди жөн эле алып жок кылып салып коюштубу?
Перизат Суранова

№21 СИЗОнун расмий жообуна ылайык, документтерди берүү мүмкүн эмес. Мекемеде Суранова 2022-жылдын 25-октябрынан 2023-жылдын 16-февралына чейин камактанган.

  1. 2022-жыл, 25-октябрь

    Перизат Суранова №21 СИЗОдо камакка алынган

  2. 2023-жыл, 16-февраль

    Камактын мөөнөтү аяктаган

  3. 2024-жыл, 30-октябрь

    Суранова документтерди берүү боюнча расмий суроо-талап жөнөткөн