Японияда 2028-жылга чейин генетикалык модификацияланган чочконун бөйрөктөрүн адамга көчүрүү боюнча клиникалык сыноолор башталмакчы. Бул тууралуу DW япон басылмасы The Mainichiге шилтеме кылып кабарлайт.

Бул экспериментти Япониянын Мэйдзи Университетинин алдындагы PorMedTec стартапы жүргүзөт. Алар генетикалык өзгөртүлгөн чочколорду өстүрүп, 69 генетикалык модификация киргизүү аркылуу бөйрөктөрдүн кабыл алуучунун организми тарабынан четтетилишине бөгөт коюу максатын коюшкан.

PorMedTec жетекчилигинин айтымында, бул метод оор бөйрөк жетишсиздиги бар бейтаптарды дарылоодо адамдан адамга орган көчүрүү жана диализ менен бирдей колдонулушу мүмкүн.

Эгер долбоор бекитилсе, сыноолор Япониядагы эки медициналык мекемеде жүргүзүлөт жана алар өлкө үчүн биринчи мындай иш-чаралар болот.

Стартаптын пландары боюнча, 2030-жылы жандыктардан адамга орган көчүрүүгө шарттуу уруксат алынып, 2033-жылы чочконун бөйрөгү адамга көчүрүү стандарттык дарылоо ыкмасы болуп калат.

Ошондой эле, PorMedTec америкалык биотехнологиялык компания eGenesis Inc. менен кызматташууда. Ал тараптан чочконун генетикалык модификацияланган клеткалары алынат.

Мунун алдында Кытайда оорулуу адамга бирдей учурда эки бөйрөк жана боор чочкодон көчүрүлгөнү кабарланган. Бул – адамга бир эле учурда бир нече чочконун органын көчүрүү боюнча тарыхтагы алгачкы учур.