Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Фехтование Федерациясы билдирди. Маалыматка ылайык, Райымбеков Барсбек алты квалификациялык беттештин төртөөсүндө жеңишке жетип, негизги таймашуу торуна чыккан.

Казакстан, Өзбекстан жана Гонконг өкүлдөрүн жеңип, ал жарым финалга чейин жеткен. Бирок жарым финалда Казакстандын спортчусу, дүйнөнүн азыркы чемпиону Кирилл Проходовго 10:15 эсебинде утулуп калган.

Бул медаль өлкөбүз үчүн көрүнүктүү жана көптөн күткөн жетишкендик болуп саналат
Улуттук кураманын машыктыруучусу Данил Миркун

Машыктыруучунун айтымында, акыркы жолу бул мелдештин жеке зачетунда медалды 2014-жылы Филиппинде өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык спортчу Роман Петров алып келген. Ал бул ийгилик өлкөдө спорттун өнүгүшүнө түрткү берип, жергиликтүү жана эл аралык демөөрчүлөрдүн көңүлүн бурат деп ишенет.

Алдыда Кыргызстандын улуттук курамасы фехтование боюнча Дүйнө кубогунда катышат. Мелдеш 2026-жылдын 4-10-ноябрында Бахрейнде өтөт.