Кыргызстандык адис Папуа - Жаңы Гвинеяны санарип дүйнөсүнө киргизүүдө
Папуа - Жаңы Гвинея дүйнөнүн эң аз белгилүү өлкөлөрүнүн бири болуп саналат. Бул аймак көпчүлүк үчүн алыскы жана кыйын жетүүчү жер катары таанылган, мында көптөгөн айылдар жол жана байланышсыз калууда. Буга карабай, кыргызстандык Канагат Алышбаев акыркы беш жылдан бери ООН уюмунун алдында ушул өлкөнүн санариптик трансформациясына салым кошуп келет.
Канагаттын жолү эл аралык уюмдардагы тажрыйбасынан башталган — ал 2004-жылы ишин баштап, башында Афганистанда билим берүү жана технологиялар боюнча долбоорлордо эмгектенген. Андан соң Женева, Стамбул, Судан жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө ООНго караштуу агенттиктерде иш алып барган.


























