Бишкек шаарынын Ленин районунда пьяный эр адам башка бир үйгө өз уруксатысыз кирип, үйдө жашаган балалуу үй-бүлөнү кууп чыккан.
Үй ээси болгон аял социалдык тармактарга видеону жарыялап, анда аракечтер үйлөрүнө кирип келип, алардын баарын сыртка чыгарышканы жана аялды балконунан түртүп түшүргү келгени жөнүндө айткан.
Милицияга 102 номерине чалуу келген соң дароо Ленин РУВДсынын кызматкерлери окуянын болгон жерине барышкан. 1987-жылы туулган эр адам колго алынып, тиешелүү берененин негизинде протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда аталган факты боюнча материалдар сотко жиберилүүдө. УВД окуяны териштирүү иштери улантылып жатканын кабарлады.















