Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, ушул жылдын январь-август айларында Кыргызстанда бир жашка чейинки 1 миң 87 бала каза болгон. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41 балага көп: 2025-жылы ушул эле аралыкта 1 миң 46 ымыркай өлгөн.
Өлүмдүн негизги себептери
Сегиз айда ымыркайлардын өлүмүнүн себептери
Статистикалык отчетко ылайык, ымыркайлардын өлүмүнүн дээрлик 70 пайызы перинаталдык мезгилде пайда болгон абалдарга байланыштуу. Тубаса өнүгүү кемтиктери экинчи орунда турат — алар 177 баланын өмүрүн алып кеткен. Дем алуу органдарынын ооруларынан 91 бала каза болгон.
Андан тышкары, нерв системасынын ооруларынан 21 бала, сырткы себептерден 9 бала, ал эми кээ бир инфекциялык жана мите ооруларынан 4 бала өлгөн.
Энелердин өлүмү азайды
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын тогуз айында Кыргызстанда энелердин өлүмү 34,4 пайызга азайган. Бул мезгилде кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде 23 эненин өлүмү катталган.
















