Реформалар айдоочуларды окутуунун сапатын жогорулатууга, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын камсыздоого, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана жол кырсыктарын алдын алууга багытталган. Профилдик кызматтардын техникалык жабдылышы жаңыланып, эреже бузууларды автоматтык каттоочу системалар жана санариптик көзөмөл куралдары киргизилүүдө.
«Унаадан» өзүнчө мамлекеттик агенттикке
Унаа каттоо жана жарандарды транспорт башкарууга уруксат берүү процедуралары уюштуруу жагынан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) системасынан бөлүндү. ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы болсо жол эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө жана кырсыктардын алдын алуу ишин улантууда.
Айдоочуларды даярдоо мамлекеттик системага өттү
Реформалар келечектеги айдоочуларды окутуу тартибине да таасирин тийгизди. Президенттин 2026-жылдын 29-январындагы №21 жарлыгын ишке ашыруунун алкагында айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо системасы модернизацияланып, санариптик технологиялар киргизилүүдө.
Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Мамлекеттик каттоо борборунан билдиришти.























