Тон районунда туристтердин саны кескин өсүп, бул тармактын өнүгүшүнүн жыйынтыгы катары бааланууда. Президент Садыр Жапаровдун Иссык-Көл облусундагы иш сапары учурунда Джети-Өгүз жана Тон райондорунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Маалыматка ылайык, аймакка келген коноктордун саны бир нече жылдын ичинде бир топ көбөйгөн.

СторисТон районунда туристтердин саны 14 эсе өстүСлайддар: 6
  1. Тон районунда туристтердин саны 14 эсе өстү
  2. Туризмдин өсүшү. Тон районуна келген коноктордун саны 2021-жылдан тарта кескин көбөйүүдө
  3. 5 200 турист — 2021-жылдагы көрсөткүч
  4. 73 018 турист — 2026-жылдагы күтүлүүдөгү көрсөткүч
  5. Жумуш орундары: 195 туруктуу жумуш орду; 5 000 сезондук жумуш орду
  6. Инфраструктура. Балыкчы - Боконбаево - Каракол автожолун реконструкциялоо иштери жүрүп жатат

Туристтердин санынын өсүшү

5 200турист (2021-жыл)
73 018турист (2026-жыл)

Туризмдин өнүгүшү менен бирге аймакта инфраструктура да активдүү курулууда. Учурда жалпысынан 41 объект курулган. Бул тармак аркылуу жумуш орундарынын саны да көбөйүүдө.

  • 195 туруктуу жумуш орду
  • 5 000 сезондук жумуш орду

Туристтик ишмердүүлүктөн түшкөн салыктык кирешелердин динамикасы да позитивдүү. 2021-жылы бул көрсөткүч 2,1 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 9,3 млн сомго жеткен. Ал эми 2026-жылдын тогуз айында 18,1 млн сом чогулду, жылдык болжол менен 19 млн сом күтүлүүдө.

Салыктык кирешелердин өсүшү

2,1 млн сом
2021-жыл
9,3 млн сом
2025-жыл
18,1 млн сом
2026 (9 ай)

Кабар

Салыктык кирешелердин өсүшү
2021-жыл2,1 млн сом
2025-жыл9,3 млн сом
2026 (9 ай)18,1 млн сом

Андан сырткары, агрардык секторду өнүктүрүү максатында бир үрөнчүлүк жана беш эт өндүрүүчү чарба ачылды. Инфраструктураны жакшыртуу боюнча Балыкчы - Боконбаево - Каракол автожолун реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Республикалык бюджеттин эсебинен райондо 60 километр асфальт төшөлгөн, аткарылган иштердин жалпы наркы 516 млн сомду түздү.