Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттер Кыргызстандан буурчак өсүмдүктөрүн сатып алууну олуттуу түрдө арттырды. Sputnik Кыргызстандын маалыматына ылайык, жалпысынан 7,3 миң тонна буурчак импорттолгон. Бул өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 3,1 миң тоннага көптүк кылат.