Кыргызстанда бензиндердин, айрыкча АИ-95тин баасы бир ай ичинде кескин жогорулады. 2023-жылдын июнь айында литрдин баасы 87,31 сом болсо, июлдун 21и күнү 106,30 сомго жетти.
Ошол эле учурда, АИ-92 бензинин баасы июнь айынан июлга чейин 80,39 сомдон 85,21 сомго чейин көтөрүлдү. Дизель майынын баасы да өсүп, 93,80 сомдон 98,52 сомго чыкты.
Бишкек, Ош, Нарын жана Раззаков сыяктуу шаарларда АИ-95тин эң жогорку баалары катталды, анда литрдин наркы 109,90 сомго жетти.


