Кыргызстанда жугуштуу эмес жана онкологиялык ооруларды аныктоо, ошондой эле шашылыш медициналык жардам көрсөтүү боюнча жаңы стандарттар киргизилүп жатат. Бул иштердин алкагында медициналык жардам көрсөтүүнүн 60төн ашык заманбап алгоритмдери иштелип чыкты.

Жаңы жол-жоболор жүрөк-кан тамыр ооруларын, бөйрөк патологияларын, сепсистик жана шоктук абалдарды, ошондой эле онкологиялык ооруларды камтыйт. Мындан тышкары, стандарттык операциялык жол-жоболорду (СОЖ) жана бейтаптарды так багыттоо механизмдерин түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

60+заманбап алгоритмдер
10–12ноябрь айындагы тренинг күндөрү

Жаңы стандарттарды өздөштүрүү максатында Бишкек шаарында адистер үчүн атайын окутуу тренингдери өткөрүлүүдө. Тренингдерге улуттук борборлордун, стационарлардын, ошондой эле Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун адистери катышат.