Россиянын Президенти Владимир Путин Садыр Жапаровга кайрылып, келгени үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык бардык тармактарда ийгиликтүү өнүгүп жатканын баса белгиледи.

Келгениңиздер үчүн рахмат, сиздерди көрүп жатканыма абдан кубанычтамын.
Владимир Путин

Путиндин маалыматы боюнча, Россия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү бойдон калууда. Өлкө аралык сооданын чоң бөлүгүн түзөт.

Өткөн жылы товар жүгүртүү 25 пайыздан ашык өсүп, ушул жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында да өсүү тенденциясы сакталып жатат.