Кыргызстанда 12-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекеттик куткаруучуларды даярдоо борборунда тоо-кен компанияларынын куткаруучуларынын арасында мелдеш өттү.

Бул мелдешке ЗАО «Кумтор Голд Компани» менен «Альянс Алтын» компанияларынын куткаруучулары катышты. Алар беш баскычтан турган сынакта кесиптик чеберчилигин көрсөтүп, даярдыктарын сынашты.

Министрликтин орун басары Алмазбек Асанов иш-чарага катышып, куткаруучулук жумуштун чоң жоопкерчилик жана эрдикти талап кылган кесип экендигин белгиледи. Ал катышуучуларга мелдеште ийгилик каалады.

Мелдештин натыйжасында алдыңкы орундарды алган командалар кубоктор, медалдар жана атайын куткаруучу жабдыктар менен сыйланды.