Кара-Балта шаарында жана Ново-Николаевка айылында жашоочулардын абанын сапатына байланышкан даттанууларынын негизинде атмосфералык абаны мониторингден өткөрүштү.
Бул текшерүү Экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык мониторинг департаменти тарабынан уюштурулду.
Аба үлгүлөрү Кара-Балтадагы 40 жыл Кыргызстан көчөсү, Луговой, Тольятти, Темир жол, Токтогул жана Самарбек уулу Омураалы көчөлөрүндө, ошондой эле Ново-Николаевка айылындагы Москва көчөсүндө алынды.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча азот оксиди концентрациясынын эки жерде — Кара-Балтадагы 40 жыл Кыргызстан көчөсүндө 3,9 эсе, Ново-Николаевкадагы Москва көчөсүндө 1,9 эсе ашканы аныкталган.
Башка алынган үлгүлөрдө чектен ашкан концентрациялар катталган эмес.
Изилдөөнүн акыркы протоколдору тиешелүү органдарга жиберилип, зарыл чараларды көрүү маселеси каралууда.












