Бишкек шаарында Улуттук статистика комитетинде Кыргызстандагы улуттук статистикалык система боюнча глобалдык баалоонун алкагында эл аралык эксперттер менен журналисттердин жолугушуусу болду. Иш-чарага Экономикалык жана социалдык комиссиянын адистери, ошондой эле Евростат жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун негизги темалары расмий статистикага жеткиликтүүлүк, анын толукдугу жана актуалдуулугу, ошондой эле маалыматтарды мезгилдүү жеткирүү аркылуу калемдештер менен кызматташуу болду. Мындан тышкары статистикалык маалыматтарды жайылтуу жана статистикалык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча сунуштар талкууланды.

Журналисттер расмий статистикалык маалыматтарды издөөдө жана талдоо учурунда кыйынчылыктарга дуушар болорун айтты. Алар расмий сайтты модернизациялоо жана коомчулукка керек болгон, өзгөчө социалдык маанилүү темалар боюнча актуалдуу статистикаларды байма-бай жарыялоону сунушташты.

Миссиянын катышуучулары Кыргызстанда статистиканын сапатын жогорулатуу үчүн кызматташтыкты күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жана түшүнүктүүлүгүн жакшыртуу боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулашты.