2026-жылдын 15-июлунда Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун М.Е.Р. баңги өсүмдүктөрүн мыйзамсыз өстүрүп жана сактап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери шектүүнүн үйүнүн короосунан мыйзамсыз өстүрүлгөн 54 түп апийим өсүмдүгүн жана 340 грамм кара-күрөң түстөгү баңгизатты табышып, алып кетишкен. Өсүмдүктөрдүн жалпы салмагы 4 кг 120 граммды түзгөн.
Алынган далилдердин негизинде кылмыш ишинин беренеси Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин 2-бөлүгүнө өзгөртүлгөн. Шектүү М.Е.Р. кармалып, соттун чечими менен тергөө иштеринин жүрүшүндө 2 айга камакка алынган.
Учурда бул иш боюнча иликтөө уланууда.





