Мамлекеттик салык кызматы (МСК) Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудиттин жыйынтыгы боюнча тараткан маалыматына байланыштуу билдирүү жасады. МСК аталган корутундудагы айрым тыянактар менен макул эместигин баса белгилейт. Мекеменин пикиринде, бул тыянактар салыктык көзөмөлдүн натыйжалары менен тастыкталбаган жана салык органынын ишин объективдүү баалоону чагылдырбайт.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик салык кызматы заманбап, ачык жана динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекеттик орган катары мүнөздөлөт. Анын негизги иш багыттарына салыктык башкарууну санариптештирүү, салыктык көзөмөл ыкмаларын өркүндөтүү, тобокелдиктерди талдоонун заманбап системаларын киргизүү, салык жол-жоболорунун ачыктыгын жогорулатуу жана бизнес коомчулук менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү кирет.

Эсеп палатасынын аудитордук отчетунда салык төлөөчүлөрдүн декларацияларын, отчетторун жана электрондук эсеп-фактураларын талдоонун негизинде бюджетке 11 миллиард 559 миллион сом өлчөмүндөгү учурдагы салыктардын түшпөө коркунучу чагылдырылган. Ошол эле учурда, МСК мындай аналитикалык маалыматтар өзүнөн өзү эле салык мыйзамдарын бузуунун же салык кызматы тарабынан финансылык бузуулардын далили боло албастыгын белгилейт.

Тобокелдиктерди башкаруу системасы салыктык башкаруунун негизги инструменттеринин бири болуп саналат жана салык төлөмдөрүнүн түшпөөсүнүн потенциалдуу тобокелдиктерин аныктоо үчүн Салык кызматы тарабынан туруктуу негизде колдонулат. Бардык аналитикалык эсептөөлөр андан аркы салыктык көзөмөл иш-чараларын жүргүзүү үчүн гана негиз болуп саналат.