20-ноябрда өткөн жолугушууда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Эльвира Сурабалдиева, конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин орун басары Мирлан Жеенчороев, ошондой эле депутаттар Нилуфар Алимжанова жана Дастан Бекешев катышты. Алар RFE/RL радиосунун президенти Лиза Кертис, Борбордук Азия боюнча аймактык директор Толкун Умаралиев жана «Азаттык» радиосунун жетекчилиги менен кезектеги маселелерди талкуулашты.

Болот Ибрагимов Лиза Кертисти жаңы кызмат орду менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Ал парламенттин негизги милдеттеринин ичине мыйзамдарды кабыл алуу гана эмес, алардын аткарылышын көзөмөлдөө жана шайлоочулар менен туруктуу байланышта болуу киргенин белгиледи.

Жогорку Кеңеш ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, жарандардын парламенттик процесстерге катышуусун кеңейтүүгө жана заманбап технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын парламенти маалымат каражаттары үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жаткан ачык мамлекеттик институттардын бири болуп саналат.
Болот Ибрагимов

Эльвира Сурабалдиева «Азаттык» радиосунун калктын өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар тууралуу сапаттуу жана объективдүү маалымат алуусуна кошкон салымын баса белгиледи. Ал эми Мирлан Жеенчороев өлкөдөгү сөз эркиндиги жана Кыргыз Республикасынын көп векторлуу тышкы саясаты тууралуу айтып, Конституцияда ачык коомду куруу принциптери бекитилгенин эскертти.

Депутат Нилуфар Алимжанова кыргыз тилиндеги сапаттуу контентти түзүү жана жаш журналисттерди колдоо багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу маселесин көтөрдү.

Өз кезегинде Лиза Кертис «Азаттык» радиосунун алдыдагы пландары менен бөлүшүп, 2025-жылга карата уюмдун иши туруктуу багытка түшкөнүн айтты. Ал ошондой эле парламенттин ачык-айкындуулугуна жана депутаттар арасындагы аялдардын катышынын жогорулугуна жогору баа берди.