Кыргызстанда спортко болгон кызыгуу соңку жылы кескин жогорулады. Изилдөө көрсөткөндөй, адамдар спорттук объекттерди, спорттук жабдууларды жана активдүү эс алуу товарларын көбүрөөк издөөгө өттү.

Эң чоң өсүш ат клубдары категориясында байкалды: колдонуучулардын кызыгуусу 415,7%га өстү, ал эми уюмдардын саны 30дон 38ге чейин көбөйдү, бул 26,7%га барабар.

Велосипеддерге кызыгуу дагы да өсүп, суроо-талап 111,8%га көбөйдү, ал эми велосипед дүкөндөрүнүн саны 84төн 98ге чейин, 16,7%га көбөйдү.

Спорттук инфраструктурага суроо-талап дагы артып, спорттук аянттарды ижарага алуу боюнча кызыгуу 169%га жетти. Уюмдардын саны 82ден 91ге көтөрүлдү.

Жүзүү бассейндерин издөөгө кызыгуу 81,3%га көбөйдү, бирок алардын саны дээрлик өзгөргөн жок — 104тен 105ке чейин.

Тенниске арналган кортторго болгон кызыгуу 50,3%га өскөн, обьектилердин саны 5тен 6га көбөйдү.

Дене тарбиялык залдарга кызыгуу жана алардын саны да көбөйдү: кызыгуу 53,6%, залдардын саны 133тен 163кө чейин 22,6%га жогорулады.

Фитнес-клубдардын да үлүшү өсүүдө, кызыгуу 49,6%, уюмдардын саны 14,7%га жогорулады.

Спорттук секциялар жана бий мектептерине да суроо-талап бар, алардын кызыгуусу үчтөн бирге жана андан көпкө, 98,4%га чейин (бий мектептери), ал эми уюмдардын саны тиешелүү түрдө 428ден 477ге чейин өстү.

Мындан тышкары, спорттук кийим жана бут кийим категориясы да тез өсүүдө.