Иордания жана Ирак мамлекеттери Telegram платформасын бөгөттөө боюнча чечим кабыл алууда. Бул кадам улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүчү факторлорду жоюу үчүн жасалып жатат.
Иорданиянын Коомдук коопсуздук башкармалыгы экстремизмдин жана радикалдуулуктын жайылышына болгон аракеттерди токтотуу зарыл экенин белгиледи. Ал эми Ирактын Коммуникация министрлиги компаниянын платформадагы эрежелерди бузган мазмунга карата тийиштүү чараларды көрбөгөнүн жана өлкөнүн мыйзамдарын сактабагандыгын айтты.
Мессенджер компаниясына талаптарды аткаруу үчүн 30 күндүк мөөнөт берилди. Эгерде бул убакыт ичинде кемчиликтер четтетилбесе, платформага чектөө коюлат.










