16-ноябрдагы жыйында Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ишмердүүлүгү боюнча маалыматты кабыл алды. Бул маселени талкуулоону депутат Улукбек Карыбек уулу демилгелеген.}},

СторисКыргызстанда сапатсыз азыктардын көлөмү 4 эсе өстүСлайддар: 6
  1. Кыргызстанда сапатсыз азыктардын көлөмү 4 эсе өстү
  2. Негизги көрсөткүчтөр. Санитардык көзөмөл учурунда сапатсыз продукциянын айрылуу көлөмү бир нече эсе өскөнү аныкталды.
  3. 647 тонна — 2025-жылы айрылган сапатсыз продукциянын көлөмү
  4. 4,3 эсе — сапатсыз азыктардын өсүш көрсөткүчү
  5. Жасалган иш-чаралар: Укук коргоо органдарына өткөрүлгөн материалдардын саны 20ден 99га чейин өстү; 2025-жылы 430 объекттин иши токтотулду
  6. Кийинки кадамдар. Депутаттар тамак-аштын сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана уулануу учурларын тактоону талап кылышат.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова сапатсыз тамак-аш азыктарын аныктоо кескин өскөнүн билдирди. Анын айтымында, 2023-жылдан 2025-жылга чейин жүгүртүүдөн алынган сапатсыз продукциянын көлөмү 150 тоннадан 647 тоннага чейин жеткен, бул 4,3 эсе көп дегенди билдирет.

Сапатсыз продукциянын көлөмү

150тонна (2023-жыл)
647тонна (2025-жыл)
4,3эсе өсүш

Мындан тышкары, калктын ден соолугуна коркунуч келтирген мыйзам бузууларды жоюу максатында иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген материалдардын саны дагы бир топ көбөйгөн.

Укук коргоо органдарына өткөрүлгөн материалдар20 материал99 материал +395%

Депутат Советбек Рустамбек уулу аймактарда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү жана лабораториялардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо зарыл экенин белгиледи.

Министрликтин маалыматы боюнча, мыйзам бузууларды жоюу максатында төмөнкүдөй иш-чаралар жасалган:

  • 2025-жылы 430 объекттин иши токтотулган
  • 2026-жылдын 9 айында 174 объекттин иши токтотулган

Депутат Улукбек Карыбек уулу уулануу учурлары жана адамдардын өлүмүнө алып келген жагдайлар боюнча маалыматты тактап, тамак-аштын сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө чакырды.