Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелерде санариптик чечимдерди пайдаланууну жеделдетүүгө багытталган иштерди баштады. Аларга балдардын электрондук медициналык карталары жана окуучулардын убакыттуу эмгекке жараксыз экенин ырастаган электрондук справкалар кирет.

31-июлда министр Дамир Осмонов менен "Түндүк" ачык акционердик коомунун Цифрлик саламаттык сактоо жана социалдык коргоо департаментинин директору Чингиз Бексултанов санариптик саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Талкууланган негизги долбоорлордун бири — Улуттук маалыматтык саламаттык сактоо ресурстарын башкаруу системасы (НИСУР). Бул система медициналык мекемелер, кадрлар жана башка ресурстар боюнча маалыматтарды бириктирип, тармакта ачык-айкындуулукту жогорулатып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтып, өнүктүрүүнү эффективдүү пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле, санариптик штаттык расписанияларга негизделген саламаттык сактоо кадрларынын Реестри да күчтөндүрүлүүдө. Бул система өлкө боюнча адистерге муктаждык, квалификациялык талаптар жана эмгек шарттары жөнүндө маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү менен кадрдык маселелерди жакшыртат.

Министрлик ошондой эле № 095/у формасындагы окуучулардын убактылуу эмгекке жараксыздыгы тууралуу электрондук справкаларды жана № 026/у формасындагы балдардын электрондук медициналык карталарын киргизүү иштерин көзөмөлдөп жатат.