Кыргызстанда 2,94 миллионго жакын жаран «Тундук» платформасын колдонуп, дарыгерлерге жазылууга, медициналык анализдердин жыйынтыктарын алууга жана башка көптөгөн медициналык кызматтарга онлайн түрдө жетүүдө. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги жарыялады.
Телемедицина өзгөчө алыскы аймактарда жашаган балдарга профилдик адистерден консультация алууга жардам берип, саламаттык сактоо кызматтарындагы санариптик чечимдер энелерди коргоо, эмдөө жана майыптарга колдоо көрсөтүү сыяктуу маанилүү тармактарда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууда.
Кыргыз Республикасынын Үкмөтү, БУУ жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр «Цифралык ажырымды кемсинтүү» программасынын алкагында адамга багытталган заманбап саламаттык сактоо системасын түзүү максатында биргеликте аракеттерди улантууда.

