Кыргыз Республикасында электр тармактарынын кубаттуулугун жогорулатуу максатында 252 жаңы кубаттуу трансформатор орнотулушу пландаштырылып жатат. Ушул жаңы куралдарды орнотуу аркылуу тармактардын айрым бөлүмдөрүнүн кубаттуулугу жогорулайт, ошондой эле учурда иштеп жаткан жабдуулардын жүгүн азайтууга жана кыш мезгилине зарыл кошумча резерв кубаттуулугун түзүүгө шарт түзүлөт.