«Ала-Тоо Резорт» туристтик комплексинин бир катар маанилүү объекттери электр энергиясы менен камсыздалды. Бул боюнча Ысык-Көл электр тармактар ишканасы маалымат берди.
Учурда төрт канат жол станциясына, метеорологиялык жана кар көчкү станцияларына, ошондой эле лыжа жабдууларын ижарага берүү пунктунун имаратына электр энергиясы берилди.
Трансформаторлорду орнотуу иштери
Комплексти туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо максатында жалпысынан 10 трансформатордук көмөк чордон орнотуу пландаштырылган. Азыркы учурда алардын тогузусу орнотулуп бүтүрүлдү.
Акыркы трансформатордук көмөк чордон 25-ноябрга чейин монтаждалуу каралган. Мындан тышкары, боз үй шаарчасын, жыгач үйлөрдү, лыжа трассаларындагы прожекторлорду жана фуд-кортту электр тармагына кошуу иштери уланууда.














